2007-жылы 19-июлда Таластагы Радиомост уналгысы алгачкы ирет эфирге оз уктурууларын бере баштаган. Бугунку куну Радиомосттун Тумар аттуу угарманы томонкудой ырын арнап отту.
Туулган күнүңүздөр менен.
Магдыратып, жан-дүйнөнү эргитип,
Ойду омкоруп жакшылыкка үгүттөп.
Сагынтасың укпай калсам мүнөткө,
Түбөлүккө каласың сен жүрөктө.
Радионун үлгүлүүсү “Радиомост” деп билем,
Ар убакта калкыбызга кызмат кылгын.
Ди-джейлери коңур үндүү, сөздөргө бай,
Ийгиликти багынткыла байма-бай.
Ой-жетпеген, көз жетпеген жер болсо да.
Сайрап тургун ар убакта булбул сымал,
Узак жаша, эч карыбай ар убакта.
Categories: Новости
Tagged: Радиомост
Шал – жугуштуу оору жана кээ бир учурларда майып болууга жана өлүмгө алып келет деп доктурлар билдирип келишүүдө. Жаш балдарды шал оорусунун алдын алуу учун Таласта аталган ооруга каршы кошумча эмдөө жүргүзүлүп баштады. Эмдөөнүн 1-туру 19-июлдан 23-июлга чейин жүргүзүлсө, 2-туру 23-августтан 27-августка чейин жүргүзүлөт. Жаны төрөлгөн ымыркайдан баштап, 5 жашка чейинки наристелер эмделет. Ата-энелер өз балдарын жашаган жерине караштуу медициналык мекемелерден жана убактылуу эмканалардан алса болот.
Эскертүүчү нерсе, эмдөө акысыз жүргүзүлөт.
Назира Жусупова.
Categories: Новости
Талас районуна караштуу Карасуу айылында 2009-жылы фельдшердик-акушердик пункт ачылган. ФАП ачылгандан тартып, айыл эли ооруп-сыркап калган учурда шаарга барбай, айылдан эле дарыланып турушкан. Эми аталган айылдын фельдшердик-акушердик пункттун жанына Сулайманов Аликтин демилгеси менен жеке менчик дарыкана курула баштады. Дарыкананын курулушуна жергиликтүү эл жигердүү катышып, жардам беришүүдө. Азыркы учурда дарыкананын пайдубалы бүтүп, дубалдарынын алгачкы катары башталды. Эгер айылдык дарыкана курулуп бүтүп калса, айыл эли эми дары-дармектерди шаардан сатып албай эле, айылдан алып турушат.
Гулайда Теишова.
Categories: Новости
Талас районуна караштуу Акжар айылындагы А. Султанбеков атындагы орто мектеп 1936-жылы салынгандыктан мектеп имаратынын абалы азыркы учурда оор. Мына ошондуктан мектеп администрациясы Билим берүү министрлигине кайрылып, жаны имараттын курулушун колго алышкан. Жаны мектептин курулушу 2008-жылы башталып, 2010-жылы бүтмөк деп пландашылган. Ал эми азыркы учурда жаны мектептин имаратынын чатыры жабылбай, иш аягына чыкпай келүүдө. Ошондуктан 2010-2011-окуу жылында Акжар айылынын тургундары биздин балдар окубай калышабы деп чоочулап турушат.
Мамеков Жумадил
Categories: Новости
Карабуура районундагы залкар жазуучу Ч. Айтматовдун Шекер айылында жергиликтүү жашоочулар «Чынгыз ордо» комплексин ачуу боюнча чогулушкан. Анда алар алгач банктан комплексти каржылоочу адамдар үчүн эсеп ачууну чечишкен. Ошондой эле каражаттарды кантип пайдаланаары боюнча уставды түзүү учун комиссия түзүлдү. Азыркы учурда Шекер айылынын жашоочулары Эшенкулов Равшан, Дуйшөнбаев Кененбай жана башкалар комплексти каржылоо үчүн өз каражаттарын берип башташты. «Чынгыз ордо» комплексин куруу демилгесин көтөргөндөр, аталган ордодо туристтик маршруттар, Ч. Айтматовдун ачык асман алдындагы музейи киргизилет деп билдиришти.
Курманалиев Аманкул.
Categories: Новости
Tagged: Ч. Айтматов, Шекер
Акжар айылындагы дыйкандар, 360 гектар жерге быйыл төө буурчак эгишкен. 2010-жыл жаанчыл болуп төө буурчак жакшы өскөнүн дыйкандар айтышууда. Азыркы учурда дыйкандар төө буурчакты экинчи сугаттан өткөзүп коюшту. Талас районундагы дыйкандар Кыштообаев Руслан, Жумадил уулу Азимкан жакшы иштешип дыйканчылыктын сырларын толук өздөштүрүп, быйыл ар гектарынан 30 центнерден түшүм алабыз деп үмүттөнүшүүдө. Ошондой болсо дагы дыйкандардын иштешине тоскоол болуп жаткан бул күйүүчү майлардын кымбаттыгы болуп келүүдө. Азыркы учурда солярка 30-31 сомдон, ал эми бензин 31 сомдон 34 сомго чейин барууда. Ушул багытта өкмөт дыйкандарга жардам бербесе, бизге абдан кыйын болууда деп дыйкандар билдиришүүдө.
Мамеков Жумадил
Categories: Новости
Tagged: бензин, фермер
Ушул жылдын май айында Озгочо кырдаалдар министрлиги А. Огомбаев айылына 7 чакырым аралыктагы каналдарды тазалап, тийиштүү жерлерге суу түтүктөрүн орнотуп беришти. Каналдарды тазалап, суу түтүктөрүн орнотууда айыл эли демилге көтөрүп, ӨКМнын жумушчуларына жардам беришкен. Ушул убакытка чейин А. Огомбаев айылынын дыйкандары каналдардын жараксыздыгынан сугат сууларды ала албай кыйынчылыктарды баштан өткөрүп келишкен. Эми дыйкандар айдалган тоо буурчактары менен картошкаларын убагында сугарышып келүүдө.
Сажира Ызаналиева
Categories: Новости
Tagged: вода, канал, труба
8-июль күнү Талас областында жайгашкан “Асыл мурас”, “Аруу келечек башаты” коомдук жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү, “Айкөл” атуулдук демилгелерди өнүктүрүү борборунун волонтерлору, Жаштар комитети биригип, “Барчын” эс алуу лагеринин имаратын актап, сырдап беришти. Аталган лагердин жетекчиси Ырыс Жазыбаева жардам сурап, Талас областтык администрацияга кайрылган. Администрациянын жаштар боюнча адиси Нуркан Токторбаев бул тууралуу Таластагы жаштар уюмдарына кабарлап, жардам берүүнү чечишкан. “Айкөл” атуулдук демилгелерди өнүктүрүү борборунун волонтеру Нурзаада: “Бир күндүк убактыбызды аябай, бул жерге жардам берип жатабыз. Анткени жакынкы арада бул жерге биздин инилерибиз, сиңдилерибиз келип эс алышат. Алардын эс алуусу жакшы шарттарда өтсүн деген ниетте келдик. Мындай акциялар жаштарды коомдо болуп жаткан нерселерге кайдыгер карабоого үйрөтөт деп ойлойм”,- деп билдирди.
Белгилей кетсек “Барчын” эс алуу лагерине эс алуучулардын 1-агымы 12-июлда башталат.
Назира Жусупова
Categories: Новости
Tagged: лагерь, молодежь, отдых
Бакайата районуна караштуу, Бакайата айылында жайгашкан «Андаш» коомдук фондусу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын долбоордун үстүндө иштөөдө. Аталган райондун Урмарал өзөнүнө Кыргызстан боюнча Баткен облусунан 2 адам, Бишкек шаарынан 6 адам, Кеминден 2 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар келип, 10 күндүк мөөнөттө бээнин саамал суту менен дарыланып, ден-соолуктарын чындап кетишти. Урмарал өзөнүндө дарылануу аяктаган соң, алар атайын медициналык текшерүүдөн өтүшкөн, текшерүүнүн жыйынтыгы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бээнин саамал сүтү менен дарылануу чоң таасир тийгизгенин аныктады.
«Андаш» коомдук фондусунун жетекчиси Андаш Мамбеталиевдин айтымында долбоорду уюштуруу үчүн аларга, «Мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар конгресси» коомдук бирикмесинен ыраазычылык кат берилген.
Андаш Мамбеталиев.
Categories: Новости
Tagged: Андаш, отдых
20-май күнү Бакайата районуна караштуу Озгөрүш айылында айымдарга арналган “Айымдардын жерге болгон укугу” аталыштагы тренинг-сабак болду. Аталган айылдын айымдары, мугалимдер, үй-кожейкелери
- айымдардын жерге кандай укуктары бар;
- жерге болгон укуктары бузулса кимге кайрылса болот;
- жерге болгон укук бузулуулардын алдын кантип алса болот деген суроолорго жооп ала алышты.

Катышуучулар кызыгуу менен катышып отурушту.
Тренинг учурунда айымдар төрөлүп, өскөн жерлериндеги жер үлүштөрүн ала албай, турмушка чыкканда ал жер үлүштөрү ата-энелеринде калып калгандыгын баса белгилешти. Тренингдин катышуучусу Эралиева Махабаттын айтымында, бул сабактан кийин айымдар жерге болгон укуктарын билип, аларды кантип коргоонун механизмдерин үйрөнүп алышты. Сабактан кийин айымдар алган билимдери менен башка айымдар менен тең бөлүшөөрүн билдиришти.

Катышуучулар өз иштерин жактоо учурунда.
Белгилей кетчү жагдай, долбоор Норвегиялык Хельсинктик Адам укугу боюнча комитетинин колдоосу аркылуу, Укуктук жана Жарандык маданият борбору тарабынан ишке ашырылууда.
Назира Жусупова.
Categories: Новости
Tagged: женщины, земля, тренинг